Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Навальный сот өкүмүн аткаруудан баш тартат


Орус оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный үй камагы боюнча сот чечимин аткаруудан баш тартат. Навальный бул тууралуу өз блогуна жазып чыкты. Анда оппозициялык саясатчы орус мыйзамдарына ылайык, мындай чечим ага карата колдонулбай турганын билдирген.

Ошондой эле Навальный сот өкүмүнүн көчүрмөсү колуна тие электигин, ошондуктан кийинки баскычтагы сотко доо арыз жолдой электигин кошумчалады.

30-декабрда Москвада райондук сот “Ив роше” компаниясынын иши боюнча орус оппозициясынын өкүлү Алексей Навальныйды үч жарым жылга шарттуу кескен. Анын бир тууганы Олег Навальный үч жарым жылга эркинен ажыратылган. Мындан соң оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери Манеж аянтында нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG