Орусияда кармалып турган украиналык учкуч Надежда Савченкону колдоо акциясы интернетте жүрүп жатат. Акциянын уюштуруучулары учкуч тууралуу маалыматтарды ар тилде интернетке жайгаштырууга чакырышууда.
Орусиянын Тергөө комитети Надежда Савченкону Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган деп айыптоодо. Ал эми Савченко жана Украина бийлиги аны жикчилдер кармап алып Орусияга өткөрүп бергенин айтып жатат.
Өткөн жылдын 22-декабрда Москва шаардык соту Савченконун адвокатынын камактан бошотуу өтүнүчүн четке кагып, камактагы мөөнөтүн 13-февралга чейин узарткан. Мындан соң Савченко мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштаган. Бир катар эл аралык уюмдар орус бийликтеринен аны камактан бошотууга чакырган.