Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

АКШдагы ПЕН-клуб Хадижа Исмаилованы бошотууга чакырды


Дүйшөмбүдө “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун азербайжан кызматынын журналисти Хадижа Исмаилованын камалганына бир ай болду. Буга карата Америкадагы ПЕН-борбор жана жазуучу Халед Хоссейни азербайжан бийлигин Исмаилованы бошотууга чакырды. Хоссейнинин айтымында, журналисттин камалышы Азербайжандын эл аралык кадыр-баркына доо кетирет.

Хадижа Исмаилова 5-декабрда камакка алынган. Исмаилова Азербайжандын президентинин үй-бүлөлүк бизнесинин сырларын ачкан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана уюшкан кылмыштуулук менен коррупция боюнча долбоордун автору. Ал камакка алынган соң “Азаттыктын” Бакудагы кеңсесине текшерүүлөр болгон.

XS
SM
MD
LG