Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 23:12

Атамбаев Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады


7-январда Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) Исанын туулган күнүн белгилешет. Буга байланыштуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү православ христиандарын Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) майрамы менен куттуктады.

Исанын туулган күнү Кыргызстанда 7-январда расмий белгиленип, дем алыш күн катар эсептелет. Ал майрамды негизинен православ христиандары тосушат. Бул динди өлкө тургундарынын он пайыздан ашууну тутунушат, башкача айтканда Кыргызстандагы орус, украин, беларус улутундагылардын басымдуу бөлүгү православдар. Совет доорунан бери эле христианчылык Кыргызстанда исламдан кийинки орундагы негизги дин катары саналат. (MKo)

XS
SM
MD
LG