19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө баш прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Саляновдун түздөн-түз тиешеси жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди.
- Тергөө иштеринин жүрүшүндө Саляновдун Камиланын өлүмүнө түздөн-түз байланышы жок экени аныкталды,- деди Сейитов.
Буга чейин Калый Салянов күбө катары көрсөтмө берип келген. Буга анын Камиланы 9-мартта үйүнө машинеси менен жеткирип барганы себеп болгон.
19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү быйыл 16-мартта Бишкектин чекесиндеги Байтик айылынан табылган. Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча баш-аягы 400 адам күбө катары суралган. Алардын арасында “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесине жактоочу болуп жүргөн Осунбек Жамансариев да бар. (UEz)