Пакистан парламентинин төмөнкү палатасы террорчулукка айыпталгандар үчүн атайын аскер сотторун түзүү чечимин жактырды.
Пакистан Конституциясына өзгөртүүлөрдүү киргизүү - өткөн жылдын соңунда "Талибандын" мектепке жасаган чабуулунан кийинки экстремисттерге каршы күрөшүү чараларынын бир бөлүгү. Каргашадан 140тан ашуун мектеп окуучусу набыт кеткен.
Пакистандын негизги саясий партиялары бул демилгени колдоп, жарандык соттор согушкерлерге айып чыгарууда эффективдүүлүгүн көрсөтө албаганын билдиришти.
Өлкөнүн ички иштер министринин айтымында, аскер сотторунун юрисдикциясы чектелүү болот.