Мамлекет башчы бул тууралуу 6-январда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевди кабыл алганда тапшырды. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу учурунда Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу маселеси талкууланды. Аягында мамлекет башчы Кыргызстан-Кытай багытындагы темир жолдун курулушу боюнча бардык варианттарды иштеп чыгууну жана аны Кытай тарап менен дагы талкуулоону “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевге тапшырды.
Кыргызстанды Кытай менен байланыштыруучу темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты. Айрым маалыматтар боюнча Кытай тарап Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга кирүүчү темир жол долбоорун сунуштап, бирок ал Эркечтам аркылуу кирип, Өзбекстандын Анжиян облусуна өтүүчү вариантын жактаган. Кыргызстан болсо Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Торугарт чек ара түйүнү аркылуу кирип, Жалал-Абаддан Өзбекстандын Наманган облусуна өтүүчү вариантын жактырган.
2012-жылы Транспорт жана байланыш министрлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу эки тараптуу макулдашуу менен концессиялык түрдө куруларын маалымдаган болчу.(ZKo)