6-январь күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунун чек арасынан Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Стамбул-Бишкек каттамындагы учак менен келген аял башка бирөөнүн паспорту менен Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган.
Чек арачылар ал аялдын аты-жөнүн тастыктоо максатында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өткөрүп беришти деп кабарлайт КР Чек ара кызматынын маалымат кызматы. (ZKo)