Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Москвадан кыргыз-тажик чек арасы боюнча архивдик материалдар алынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн чек ара боюнча өкүлдөрү Москвага барып, кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү архивдик материалдарды алып келишкен.

- Керектүү архивдик материалдар келди. Эми тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жандантабыз. Сүйлөшүүлөр 20-январга чейин Тажикстан аймагында өтөт, - деди Искандаров.

Кыргызстан менен Тажикстан талаштуу чек араларды тактоо кайсы жылдагы карта, документ менен жүргүзүлүшү керектиги боюнча азырынча орток пикир таба элек. Буга чейин чек араны тактоодо эки өлкө эки башка картаны сунуштап келген. Эки өлкөнүн чектешкен жеринин жалпы узундугу 970 чакырымдан ашат жана анын теңинен көбү тактала элек. Анын айынан чек арада куралдуу жаңжалдар утур-утур орун алып келүүдө. (EBm/UEz)

XS
SM
MD
LG