Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу кол салуу тыкыр иликтенет деп ишендирди:
- Эки бомба жок кылынды. Бир полициячы жараат алды. Полиция жана коопсуздук күчтөрү бул окуянын артында кайсы топ тургандыгын иликтеп жатат.
Жанкечти аял кечээ Стамбулдун чок ортосундагы Султан Ахмед ооданында өзүн жардырганда бир полициячы набыт болуп, дагы бири жараат алган эле.
Дагы бир бомба жарылбай калган. Жардыруу байыркы византиялык Хагия София ибадатканасы жана Базилика суу сактоочу жайдын жанында орун алды.
Стамбул шаар башчысы Васиф Шахиндин айтымында, полиция бекетинин жанында тартип сакчылары токтоткондо жанкечти акча салган капчыгын имараттын ичинде унутуп калгандыгын англисче айтып, өзүн жардырган. 1-январда Стамбулда тыюу салынган ашкере солчул топтун мүчөсү Долма Бахча ак сарайына ыргыткан эки граната жарылбай калган эле. (jch)