Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Орусия: интернеттеги украин улутчулдарына кошулган аялдын иши тергелүүдө


Екатеринбургда интернеттеги украин улутчулдар тобуна кошулган аял экстремизмди козуткан деп шектелип, иши иликтенип жатат. Екатерина Вологжанинова "Азаттыкка" билдиргендей, ал "В контакте" социалдык тармагы аркылуу «Украин элинин өзүн-өзү коргоосу» жана «Орусиянын оңчул сектору» деген топторго кошулгандан кийин үйү тинтилген.

12-декабрда полиция анын компьютерин, компьютердик тактасын, санарип камерасын, бир нече компакт дискин алып кеткен. Тергөөчүлөр анын улуту ким экендигин жана саясий көз караштарын сураштырып, тергөө бүткөнгө чейин шаардан чыкпоого буйрук берген. Эгер экстремизмди козуткан деген кине менен күнөөлүү деп табылса, ал төрт жылга кесилип кетиши мүмкүн. (jch)

XS
SM
MD
LG