Францияда сатирикалык журналга кол салууда бери дегенде 12 киши набыт болду. Парижде чыгуучу Шарли Хебдонун редакциясындагы атышууда курман болгондордун экөө тартип когоочулар. Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн сындалып келген журналдын кеңсесиндеги кол салуудан дагы 10 киши жараат алды. Айрымдарынын абалы оор экендиги кабарланууда.
Президент Франсуа Оланд кол салуу болгон жерге келип, чабуулду «терроризм» деп баалады. Ал чукул өкмөттүк жыйын өткөргөнү жатат. Күбөлөрдүн айтымында, кол салууга беткапчан бир нече куралчан катышты. СННдин билдиришинче, атышуу беш мүнөткө созулду. Шарли Хебдонун мурдагы кеңсеси 2011-жылы өрттөлүп кеткен эле. (jch)