Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Ошто Мекеге жөнөтөм деп алдаган жаран кармалды


Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 47 жаштагы эч жерде иштебеген тургуну Мекеге ажылык сапарга жиберем деп 5 адамдын ар биринен 2,5 миң доллардан чогултуп алган. Жалпысынан 12 500 долларды кымырып алган жаранга "алдамчылык" беренеси боюнча айып коюлууда.

Буга чейин Ош облустук казыятынын мурдагы кызматкери ушундай эле жол менен ажыга барчуларды алдаган деген айып менен колго түшкөн болчу. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери уланып жатат. (YI)

XS
SM
MD
LG