Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Париж: чукул даярдык абалы эң жогорку баскычка көтөрүлдү


Бүгүн Парижде чыгуучу Шарли Хебдо журналынын редакциясындагы атышууда 12 киши, анын ичинде эки тартип коргоочу, төрт журналист окко учту.

Kол салуу болгон жерге келип, чабуулду «терроризм» деп баалаган президент Франсуа Оланд бүгүн чукул өкмөттүк жыйын өткөрүүдө. Оланд акыркы жумаларда бир нече террордук чабуулдар алдын алынды деп ырастады.

Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн сындалып келген журналдын кеңсесиндеги кол салуудан дагы 10 киши жараат алды. Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар французча эне тилиндегидей сүйлөшкөн, Алла Акбар - «Алла улук» деп ураан чакырып, пайгамбарыбыз үчүн өч алдык деп айтышкандан кийин ок чыгарышкан. Кийин эки машинага отуруп, качып кетишкен.

Бүгүн Франциянын исламдык башкарууга өткөн келечегин сүрөттөгөн китеп сатыкка чыккан эле.

XS
SM
MD
LG