Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:31

Чек ара боюнча нотага Өзбекстан жооп бере элек


Кыргыз тарап буга чейин Өзбекстанга чек ара сүйлөшүүсү боюнча нота жиберген болчу. Анда жолугушуунун мөөнөтү такталмак. Бирок өзбек тараптан бул боюнча жооп келе элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн чек араны делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча акыркы жолу 2014-жылы жолугушкан. Ошол жолугушууда кыргыз тарап буга чейин чек ара тилкеси такталган аймактар боюнча протоколго кол коюуну сунуштаган. Бирок өзбек тарап ага макул болбой, айрым аймактар боюнча гана протоколду бекитүү ниетин билдирген.

Эки өлкө чек арасын тактоо иштери башталганына он жылдан ашты. Бирок тараптар ошондон бери аны аягына чыгаралбай келет. Талаштуу жерлерге келгени иш таптакыр жылбай да калды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек. (TSh/EBM)

XS
SM
MD
LG