Парижде чыгуучу сатиралык журнал Шарли Эбдонун (Charlie Hebdo) кеңсесиндеги 12 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салууга шектелгендердин бири, 18 жаштагы Хамид Мурад кармалды. Бул тууралуу бейшемби күнү эртең менен France-Presse агенттиги кабарлады.
Агенттиктин маалыматына караганда, Хамид Мурад Париждин жанындагы Реймс шаарчасынан алыс эмес жерден колго түшүрүлгөн. Ал бир туугандар - Шериф жана Саид Каучи менен бирге редакциянын кеңсесине кирип барып, автоматтан ок чыгарган деп айтылууда.
7-январда Францияда сатиралык журналга кол салууда 12 киши набыт болгон, анын экөө тартип когоочулар.
Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн сындалып келген журналдын кеңсесиндеги кол салуудан дагы 10 киши жараат алды.
Президент Франсуа Олланд кол салуу болгон жерге келип, чабуулду «терроризм» деп баалады. Күбөлөрдүн айтымында, кол салууга беткапчан бир нече куралчан катышты. СННдин билдиришинче, атышуу беш мүнөткө созулду. Шарли Эбдонун мурдагы кеңсеси 2011-жылы өрттөлүп кеткен эле.