Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Атамбаев электр энергиясына бааны төмөндөтүүнү сунуштады


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев менен отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаевди кабыл алган учурда билдирди.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, Атамбаев аталган тармактын башчыларына керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүү боюнча тапшырма берди.

Буга чейин электр энергиясынын баасынын кымбатташына нааразы болгон нарындыктар эки жолу митингге чыгышкан. Энергетика жана өнөр жай министрлиги болсо электр баасы арзандабай турганын билдирген.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2014-жылдын 11-декабрдан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөй баштады. Муну өкмөт электр энергиясы Казакстандан сатып алынып жаткандыгы менен негиздөөдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG