Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

АКШ Батыш Европадагы 15 аскерий базасын өткөрүп берет


АКШнын кызматтан кетип жаткан коргоо министри Чак Хейгел.
АКШнын кызматтан кетип жаткан коргоо министри Чак Хейгел.

АКШ Коргоо министрлиги - Пентагондун бүгүнкү жарыясына караганда, азыр колдонулуп жаткан 15 аскерий база алар жайгашкан өлкөлөргө өткөрүлүп берилет. Ал базалар Британия, Германия, Италия, Португалия, Бельгия, Нидерландда жайгашкан.

АКШ аталган базалардан баш тартышынан Пентагон жылына 500 миллион доллар үнөмдөйт. Бул Пентагондун бюджети кыскарышына жараша алдыдагы бир нече жылда ишке ашырылмакчы. Ошол эле учурда Пентагон билдиргендей, АКШ Балтика өлкөлөрү менен Польшада аскерлердин ротациясын улантат.

Мындай кадам Крымдын аннексиясынан жана Орусия Чыгыш Украинада жикчилдерди колдоосунан улам Москва менен НАТОнун мамилеси чыңалган учурда жасалууда.

АКШнын кызматтан кетип жаткан коргоо министри Чак Хейгел "Рейтер" агенттигинин кабарчысы менен маегинде белгилегендей, “өзгөрүүлөр АКШнын Европадагы аскерий кубатын максималдаштырууга жардам берүү үчүн зарыл". Бул өз кезегинде НАТО боюнча союздаштарды жакшылап колдоого шарт түзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG