Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Миллиондон ашуун мигрант кайрадан Орусияга кире албайт


Орусияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн ашырып жиберген мигранттарга бир нече жылга өлкөнүн эшиги жабылат. Бул миграция тууралуу мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөрдүн 10-январдан тартып ишке кирүүсүнө байланыштуу. Мындай маалыматты Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский “Интерфакс” агенттигине билдирди. Анын айтымында, жаңы мыйзамдар боюнча Орусияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн 120 күндөн ашырып жиберген мигранттар үч жылга, 270 күндөн ашырып жибергендер беш жылга чейин кайра өлкөгө кире алышпайт.

Ал эми Орусияда мыйзамсыз бир жылдан ашык жүргөн мигранттар он жылга чейин кайра кире албай турган болот. Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, учурда Орусияда үч миллиондун айланасында мигрант бар, алардын көпчүлүгү КМШ өлкөлөрүнүн жарандары. Булардын ичинен миллиондон ашууну Орусияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн бир жана андан да көп жылга чейин ашырып жиберген.

Орусияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү бир жылда 90 күн. Бул мөөнөтү бүткөн мигрант Орусиядан чыгып, кайра дагы 90 күн өтмөйүнчө өлкөгө кире албайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG