Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Бишкектеги Франция элчилигин алдында тынч митинг болот


7-январда кол салуудан улам набыт болгон “Шарли Эбдо” журналынын журналисттерин эскерүү митингин бишкектик журналисттер уюштурууда. Анда Париждеги кесиптештерге арнап гүлчамбар коюп, шам жагылмакчы. Бул тууралуу News-Asia маалыматтык порталынын кабарчысы Юрий Копытин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Француз президенти Франсуа Олландга 8-январда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да көңүл айтты.

7-январдагы “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын кеңсесине жасалган чабуул Франциянын акыркы ондогон жылдардагы тарыхындагы эң кандуу окуя катары бааланууда. Өлкөдө кечээтен бери үч күнгө аза күтүү жарыяланган. Ал кол салууда 12 адам каза болгон эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG