Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди


Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кирүү тууралуу келишимге кол коюлганына байланыштуу киргизилди. Аталган мыйзамга ылайык, Салык кодексинин кээ бир ченемдери Евразия экономикалык биримдигинин келишимдик-укуктук базасына ылайыкташтырылат. Тактап айтканда, Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагында кыйыр салыктарды башкаруунун жаңы эрежелери киргизилет.

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган. Ага президент Алмазбек Атамбаев 8-январда кол койду.

Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу келишимге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG