Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Франция: кол салууга шектүүлөр кеминде бир адамды барымтага алды


Париждеги “Шарли Эбдо” (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салууга шектелген бир тууган Куашилер бир нече адамды барымтага алганы кабарланды. Өлкөдөгү LIVE TV телеканалы Шарль де Голл аэропортуна кеткен жолдо полиция унаалары кылмышка шектүүлөрдүн унаасын кууп баратканын көрсөттү. Ал унаада барымтага алынган кеминде бир адам болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Окуя болгон жерде атышуу болгону да кабарланды.

Франциянын ички иштер министри шектүүлөрдү кармоо операциясы жүрүп жатканын билдирди. Азырынча алар канча адамды барымтага алганы белгисиз.

Париждеги “Шарли Эбдо” (Charlie Hebdo) сатиралык журналына 7-январдагы кол салууда 12 кишинин өмүрү кыйылган. Француз полициясы кол салуу жасады деген шек менен бир туугандар Шериф жана Саид Куаши шектелип жатканын билдирип, өлкөдө үч күндөн бери аларды издөө иштери жүрүп жаткан.

XS
SM
MD
LG