Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Сокулуктагы карактоодо бир адам каза болду


Кечээ болжол менен саат түнкү 12 чамасында Сокулук районундагы дүкөндөрдүн бири тонолду. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, беткапчан, куралданган белгисиз үч адам Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы дүкөндөрдүн бириндеги сатуучудан акча талап кылышкан. Сатуучу каршылык көрсөткөн учурда ага ок чыгарып, “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү машинеге отуруп из жашырып кетишкен. Атылган октон 22 жаштагы жаран эсине келбей ооруканада каза болду. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG