10-январда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт, айрым жерлерде катуу жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15 - 20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Баткенде түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Түнкүсүн 2…4 градус суук, күндүз 1 градус жылуу болот.