Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

АКШнын Бостон шаары 2024-жылкы олимпиада үчүн ат салышат


​АКШнын Олимпиада комитети 2024-жылкы жайкы олимпиадага талапкер катары Бостон шаарын көрсөттү. Буга чейин талапкерлердин расмий тизмесине Рим гана киргизилген. Германия Берлин менен Гамбургдун ортосунда тандап жатат. Ошондой эле Франция жана Венгрия өз талапкерлерин сунуш кылышат деп күтүлүүдө. Эл аралык Олимпиада комитети оюндар өткөрүлчү шаарды 2017-жылы тандамакчы.

9-январда комитеттин төрагасы Томас Бах “бостондуктардын спортко берилгендигин, шаар спорт, илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү мурастарды сактап келатканын” белгиледи.

Ушул тапта Бостондогу жардыруу боюнча сот жүрүүдө. 2013-жылы марафон өтүп жатканда болгон теракттан 3 киши өлүп, 264 киши жарадар болгон. Бостон менен катар талапкерлик үчүн Лос Анжелес, Сан-Франциско жана Вашингтон ат салышкан.

Акыркы жолу жайкы Олимпиада оюндары АКШда 1996-жылы Атлантада өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG