Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Парижде алты киши барымтага алынды


Франциялык маалымат каражаттары Париж шаарында куралданган адам жөөттөрдүн адал тамагын саткан дүкөндө бир нече адамды барымтага алганын жазышууда. “Франс пресс” агенттигинин маалымдашынча, бул адам кечээ полиция кызматкерин атууга катышы бар болушу мүмкүн. Барымтада алты адам болушу мүмкүн экени айтылууда. Окуя болгон жерге ички иштер министри Бернар Казнев жөнөдү.

Учурда Париждин түндүк-батышындагы Даммартэн-ан-Гёль районунда "Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салууга шектелген бир тууган Куашилерди кармоо операциясы да уланууда.

XS
SM
MD
LG