Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Мадумаров Бажы биримдигине кирүүнү колдоду


Ошто эл менен жолугушууда Адахан Мадумаров Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү кадамын туура деп баалады. Анын пикиринде, Бажы биримдигине киргенден кийин ондон ашык бажы посттору алып салынат, товар экспорттоо женилдейт. "Бирок убактылуу кыйынчылыктар болот", деди Мадумаров.

Адахан Мадумаров Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин, сунушталып жаткан шайлоодо босогодон өтүш үчүн шайлоого катышкан шайлоочулардын 10% добушун алуу жаңы мыйзамдарын колдой турганын айтты. Ал өзүнүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясы башка партиялар менен биригүү ниети бар экенин билдирди.

Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп 2013-жылдан бери иштеп келет. Ага чейин оппозицияда болуп келген. (TSh/YI)

XS
SM
MD
LG