Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

"Эхо Москвы" Кадыровдун билдирүүсүн коркутуу катары кабыл алат


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров “Эхо Москвыны” исламга каршы иштеген радио деп айыптады. Ал өзүнүн социалдык тармактагы Instagram баракчасына радионун жетекчиси Алексей Венедиктов "Эхо Москвы" радиосу исламга каршы жарчыга айлантканын жазган. Кадыров өз сөзүндө бийликти радиого чара көрүүгө чакырып, болбосо анын жетекчиси Венедиктовду башкалар жазалап кетишет деп эскерткен.

Өз кезегинде "Эхо Москвы" радиостанциясынын жетекчиси Алексей Венедиктов Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун айыптоосун өзүнө карата коркутуу катары кабыл ала турганын билдирди. Венедиктов бул боюнча жакын арада Орусиянын укук коргоо органдарына кайрыларын өзүнүн блогунда жазган.

"Эхо Москвы" радиостанциясы Париждеги окуялар боюнча сурамжылоо кылган. Анда Мухаммед пайгамбардын карикатурасы жөнүндө сөз болгон. Кадыров сурамжылоону чагымчылдык деп баалаган.

"Эхо Москвы" Орусияда 1990-жылдын бери иштеп келаткан абройлуу радиостанция. (TSh)

XS
SM
MD
LG