Премьер-министр Мануэль Вальс терроризмге каршы аракеттенген атайын кызматтын кемчиликтерин моюнга алды. Премьер-министр мунун айынан үч күндүн ичинде 17 киши өлгөнүн белгиледи.
BFM телеканалына сүйлөгөн Вальс өкмөт бул окуяларды тыкыр изилдеши керектигин айтты.
Француз полициясы "Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салууга шектелгендерди кармоо операциясында барымтага алынгандар да каза болгон.
Кылмышкерлер Порт-де-Винсен аймагындагы дүкөнгө кирип ок ачкан. Кеминде алты адам барымтага алынган. (TSh)