11-январдан 13-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 чакырым,198-265-чакырым), Бишкек-Талас (198-210-чакырым, Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90- чакырым 145-150-чакырым ), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырым ), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырым), Казарман-Акталчат (67-94-чакырым, Кара-Гөө ашуусу) жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Уналардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.
11-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6;
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6;
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4;
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13
Бишкек шаарында 11-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6 градус, күндүз 3...5 градус болот.