Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Өкмөт суу-энергетикалык маселелер боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев суу-энергетикалык маселелер боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты. Жыйында буга чейинки аталган тармакта аткарылган иштер талкууланып, жыйынтыгында бардык суу-чарба мекемелеринин абалы тууралуу маалыматтарды толуктап иштеп чыгуу тапшырылган.

Жыйында өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстары элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланылышы керектиги айтылды. Маматалиев суу-энергетикалык ресурстардын улуттук экономиканы чыңдоодо мааниси чоң экенин белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG