Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Улуттук банк өткөн аптада 10,9 млн. доллар интервенциялады


Улуттук банк сомдун кунун кармап туруу үчүн 8-9-январда акча базарына 10,9 млн. долларды алып чыкты. Банктын сайтында жазылган маалыматка ылайык, 200 миң доллар 8-январда сатылган.

Бул жыл жаңыргандан кийинки алгачкы жумада жасалган интервенция. Улуттук банк буга чейин акыркы жолу 31-декабрда 5 млн. долларды интервенциялаганы кабарлаган. Аны кошкондо өткөн декабрь айында эле Улуттук банк акча рыногуна 89,4 млн. доллар алып чыккан. Ал эми 2014-жылы жүргүзүлгөн жалпы интервенциянын негизинде 500 млн. ашуун АКШ доллары базарга чыгарылган.

Адистердин айтуусунда, Улуттук банктын резервиндеги доллар базарга чыгарылганы менен сомдун курсу жогорулаган жок. Тескерисинче мурунку айдагы курска караганда АКШ доллары 1-1.50 сомго кымбаттады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG