Катар мамлекетинин экономика жана соода министринин жардамчысы Жабр ал Тани баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлерден турган делегация Кыргызстанга келмекчи. Айыл, суу чарба министрлигинин маалыматы боюнча катарлык делегациянын негизги максаты – Кыргызстандан айыл чарба эт азыктарын, жашылча-жемиш экспорттоо маселеси тууралуу сүйлөшүү.
Маалымат боюнча, бул сүйлөшүү өткөн айда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Катарга жасаган расмий сапарында жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлмөкчү. (ZKo)