Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Кочкордогу жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн алды


Бишкек-Торугарт автожолунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында катталган жол кырсыгынан беш адам каза таап, экөө жараат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, 11-январдын түнүндө “Хонда Степвагон” автоунаасы менен КамАЗ бетме-бет кагышкан. Жеңил унаанын айдоочусу жана төрт жүргүнчү кырсык болгон жерде көз жумган. КамАЗдын айдоочусу менен дагы бир жүргүнчү жараат алган.

Учурда тиешелүү органдар тарабынан жол кырсыгынын себептери иликтенип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча “Хонда Степвагон” унаасы такси кызматын аткарып бараткан. Жол-кайгуул кызматынын маалыматында Бишкек-Торугарт автожолунун аталган бөлүгүндө жол кырсыктары көп катталат.(UEz)

XS
SM
MD
LG