Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

Латвиялык ишкер Валерий Белоконь кыргыз өкмөтүн дагы сотко берет


Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Валерий Белоконь кыргыз өкмөтү Париждеги эл аралык арбитраждын чечимин аткарбай жатканы үчүн жогорку инстанциядагы сотко кайрылууну чечкен.

24-октябрда Париждеги арбитраж Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16, 5 миллион доллар доого жыккан. Анда Белоконь 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң кыргыз бийлиги Бишкектеги “Манас” банкты мыйзамсыз тартып алып, менчик укугум бузулду деп даттанган.

Кыргыз өкмөтү болсо латвиялык ишкер менен акыркы инстанцияга чейин соттошорун, эл аралык арбитраж койгон доону төлөбөй тургандыгын билдирип келет.(UEz)

XS
SM
MD
LG