Шайлоонун 11-январда болгон экинчи айлампасында Колинда Грабар-Китарович учурдагы президент Иво Йосиповичке салыштырганда 21 000дей көп добуш алды. Колинда Грабар-Китарович жеңишин уккандан кийин жактоочулары алдында сүйлөп, коңшу өлкөлөрдү ортодогу талаштуу маселелерди диалог аркылуу жөндөөгө үндөдү жана улуттук азчылыктардын укуктары үчүн күрөшөрүн айтты:
- Мен Хорватиядагы азчылыктардын укуктары жана алардын укуктарын кеңейтүү үчүн күрөшөм, мен ошондой эле Сербия, Воеводина жана башка коңшу өлкөлөрдөгү хорваттарга да андан аз эмес укук берилишине умтулам.
Хорватияда президент церемониалдык кызмат. Бирок талдоочулардын айтымында, оңчул партиянын жеңиши жыл соңунда болчу парламенттик шайлоо алдындагы элдин маанайын чагылдырат. Оппозициячыл “Хорват демократиялык тилектештиги” партиясынын өкүлү Колинда Грабар-Китарович буга чейин тышкы иштер министри, Европа иштери боюнча министр, АКШда элчи, НАТОнун баш катчысынын жардамчысы болгон.
Хорватия Европа биримдигине 2013-жылы кошулган. Бирок экономикасы алсыз. Жумушсуздук 20 % түзөт, үстүбүздөгү жылы ички дүң продукция 0, 5 % өсөт деп боолгонууда.