Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар көчкү күтүлөт


11-13-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 км, 145-150-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Казарман-Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Уналардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

13-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлерде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м\с.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6;

Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7;

Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5;

Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -8...-13

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12

13-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG