Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Керри: АКШ- Франция алакасы орток баалуулуктарга негизделген


Керри 12-январда Индиянын Гужарат шаарында кабарчыларга Парижге 15-16-январда барарын билдирди. Ал Вашингтон-Париж мамилеси бир күндүк же кыска мөөнөттүк эместигин жана алака орток баалуулуктарга негизделгенине токтолуп, президент Обама жана АКШ өкмөтү Франциянын тийиштүү кызматтары менен макулдашып иш жүргүзгөнүн айтты: "Президент жана биздин администрация Франция менен Федералдык чалгындооо бюросунун маселелеринде, чалгындоо, тартип сактоо мекемелеринин иштеринде аябай координацияда аракеттенишет жана биз аларга зарыл болгон ар кандай жардамды бергенди уланта беребиз.”

Маалымдалгандай, Жон Керри Парижде Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен экстремизмге каршы күрөшүүнүн жолдорун талкуулайт жана кандуу калабада өлгөндөргө ызаат көрсөтөт.

Президент Обаманын администрациясы 11-январда Парижде терроризмге каршы өткөн жүрүшкө өкмөттүн даражалуу мүчөсүн жөнөтпөгөнү үчүн сындалууда. Береги демонстрацияга 1 миллиондон ашык адам, ошондой эле 40 чакты өлкөнүн лидерлери катышты.

Жөө жүрүш 7-9-январь күндөрү исламчыл согушчандардын чабуулунун 17 адам өлгөндөн улам уюштурулду.

XS
SM
MD
LG