Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Ошто жаштарды Сирияга азгырган кишилер кармалды


ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, акыркы убактарда интернет аркылуу жаштарды диний экстремизмге чакыруу аракеттери күч алды. ИИМдин 10-башкармалыгы тарабынан жакында Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунун тургундары кармалып, алардын интернет аркылуу “ИДУ”, “Хизб-ут-Тахрир” сыяктуу тыюу салынган диний уюмдарга кирүүгө чакырганы, ошондой эле Сирияга жана башка өлкөлөргө “жихадга” үндөгөн фактылары аныкталган. Маалыматка ылайык, экстремизм, терроризмге чакыруу негизинен жаштар көп кирген “Одноклассники”, "Майл.ру" сайттары аркылуу жүрөт. Ошондой эле аталган сайттар аркылуу өздөрүн Ислам мамлекети атап алгандардын идеологиясын жайылтуу аракеттери да байкалган.

ИИМ диний экстремизмге үгүт жүргүзүүнү токтотуу үчүн интернетте айрым сайттарга чектөө киргизүү жолдорун караштырууда деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын УКМК Сирия согушу башталган 2011-жылдан бери Кыргызстанда жети террордук топ колго түшүрүлгөнүн маалымдады. Алар ар кандай эл аралык террористтик уюмдарга мүчө болушкан жана Сириядан согуштук даярдыктардан өтүп келишкен. Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча Сириядагы согушка кеткен кыргызстандыктардын саны 200 чамалуу. Алардын айрымдары үй-бүлөсү менен чогуу кеткен, Сирия азгырыгына аялдар да илинип калышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG