Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Доллар дагы кымбаттады


Кечээ кечке жуук акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 60 сом 50 тыйындан сатылды. Ушул тапта курс 60 сом 20 тыйындын айланасында турат. Акча алмаштыруучу жайлар ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Чойбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул Кыргызстанда доллар таңкыс болгонуна байланыштуу болууда. Анын айтуусунда 9-январдан бери Улуттук банк базарга доллар чыгарган жок, ушундан улам АКШ валютасына суроо-талап күчөп, улам баалар көтөрүлүүдө.

Улуттук банк өткөн аптада эле 10,9 млн. долларды интервенциялаган. Ага чейин 31-декабрда 5 млн. долларды базарга чыгарган. Бирок бул акча рыногунда сомдун кунун кармап турууга мүмкүнчүлүк бере алган жок.

Улуттук банктын көрсөткүчү боюнча АКШ долларынын расмий курсу 59 сом 20 тыйын.(ZKo)

XS
SM
MD
LG