Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:19

Нарын: электр баасына нааразылар митингге чыгат


Бул тууралуу 14-январда болчу митингдин уюштуруучусу Бактыгүл Жумабаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акцияга чыккандар буга чейин айтып келишкендей эле электр энергиясына болгон баалардын мурдагы калыбында калышын талап кылышат.

- Митингге электр баасын төлөй албай жаткандар чыгат. Митингдин артында эч бир саясатчы жок. Биз светти 23 тыйынга арзандаткан өкмөт менен макул эмеспиз. Мурдагыдай 70 тыйын кылсын, - деди Жумабаева.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Кечээ жакында өкмөт бул тарифти президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандатты. (UEz)

XS
SM
MD
LG