Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча мыйзам коомдук талкууга коюлду


Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан кабарлашты. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайлардын ишмердигине толугу менен тыюу салынат. Улуттук банк көптөн бери акча алмаштыруучу жайлар валюталардын курсун каалагандай өзгөртүп, кызыл кулактык кылып жатат деп айыптап келет.

Улуттук банк сунуштап жаткан мыйзам күчүнө кирип калса, жарандар банктардан гана акча алмаштыра алышат. Бирок Акча алмаштыруучу жайлар бирикмеси сомдун жана чет элдик валюталардын наркынын туруксуз болушуна алардын эч кандай тиешеси жок экенин айтып келет.

Кыргызстанда жалпысынан 309 акча алмаштыруу жайы болсо, алардын 174ү Бишкекте иш жүргүзөт.(UEz)

XS
SM
MD
LG