Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Парламент Кумтөр маселесин февралга чейин карайт


Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өкмөт Кумтөр маселеси боюнча парламент алдында январдын соңуна чейин маалымат бериши керек.

“Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соңку үч күндүк сүйлөшүү 19-декабрда аяктаган. Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана декабрда түзүлөт деп убада кылган.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мындан мурдараак канадалыктар кыргыз өкмөтү көнбөй турган юридикалык талаптарды коюп жатканын билдирген. Өлкө башчысы Атамбаев да буга чейин Кумтөрдү улутташтыруудан башка жол калбай баратканын кыйыткан болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG