Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Германияда антиисламчыл демонстрация өттү


Германияда 12-январда миңдеген адамдар исламдашууга каршы акцияга чыгышты. Алар Париждеги өткөн аптадагы кол салууну айыптап жана өлкө канцлери Ангела Меркелдин сөзүнө нааразылыгын билдиришти. Ага чейин Меркел өтө турган акцияны айыптап, “Ислам - Германиянын бир бөлүгү” деп айткан эле.

Мындан соң антиисламчыл жана антимиграциялык PEGIDA кыймылы Дрезденде жана башка шаарларда демонстрацияларды уюштурду. Бийликтер болсо терактан каза болгондорду эскерүүнүн урматына бул акцияны өткөрбөөгө чакырышкан. Бирок акцияга чыккандар немистердин улуттук желегин булгалап, айрымдар кара тасма тагынып, “Мен Шарлимин” деген палкаттарды көтөрүп жүрүштү.

Ал эми бүгүн Берлиндеги Бранденбург дарбазасында өлкөдөгү мусулмандардын диний сабырдуулукка чакырган митинги өткөн жатат. Буга канцлер Ангела Меркел баш болгон өлкө жетекчилери катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG