Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Депутаттык комиссия Төрөбековдун ЖОЖду бүтпөгөнүн тастыктады


Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековго Улуттук университетти окуп бүткөнү тууралуу диплом берилген эмес. Бул тууралуу Төрөбековдун ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура келтирген жүйөлөрдүн бардыгы комиссия тарабынан тастыкталган.

Өткөн жылдын сентябрында Башкы прокуратура Төрөбековго кылмыш ишин козгогон. Ал 2013-жылы Үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи деген чин алуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөнү тууралуу дипломун тапшырган. Анын негизинде депутатка аталган чин берилген. Бирок кийин дипломдун жасалма экени белгилүү болгон. Нурлан Төрөбеков Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты.(UEz)

XS
SM
MD
LG