Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Парижде кол салууда өлгөн полициячылар менен коштошуу зыйнаты өттү


Парижде өткөн аптада кол салуудан каза болгон үч полиция кызматкери менен коштошуу зыйнаты өттү. Ага француз президенти Франсуа Олланд катышты.

Террорчулардын колунан мерт кеткен Ахмед Мерабе, Франк Бризоларо жана Кларисса Жан-Филипп көзү өткөн соң соң Ардактуу легион ордени менен сыйланды.

Мерабе жана Бризоларо 7-январда “Шарли Эбдо” журналына кол салуу учурунда каза болгон. Ал эми Кларисса Жан-Филиппти болсо кийинки күнү Париждеги кошер дүкөнүнө кол салды делген Амеди Кулибали өлтүргөнү болжолдонууда.

Маркумдарды коштошуу зыйнатында президент Олланд “алар биздин эркин жашашыбыз үчүн өмүрлөрүн беришти” деп билдирди.

Ал арада Иерусалимде жөөттөрдүн кошер дүкөнүндөгү кол салуудан мерт кеткен төрт адам да жерге берилди. Алардын сөөгү бүгүн эртең менен Парижден Израилге жеткирилген.

Француз бийлигинин атынан бул зыйнатка барган экология министри Сеголен Руаяль француз коомунда антисемитизмге орун жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG