Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

Царнаевдердин досу Матанов күнөөсүн мойнуна алат


АКШнын Бостон шаарындагы жардырууну уюштурууга катыштыгы бар деп айыпталып жаткан кыргызстандык Хайрулложан Матанов өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алат.

2010-жылдан бери АКШда жашап, качкын макамын алган Матанов Бостондогу жардыруудан бир нече аптадан соң кармалган. ФБРдин маалыматы боюнча ал жардыруу болгон күнү кечинде бир тууган Царнаевдер менен бирге тамактанган. Ага чейин Тамерлан Царнаев менен телефон аркылуу бир нече жолу байланышкан. ФБРге көрсөтмө бергенде Царнаевдер менен жөн гана тааныш болгонун айткан.

ФБР болсо Матанов Тамерлан Царнаев менен тыгыз
байланышта болуп, диний талкууларга жана Нью-Гемпшир тоосунда машыгууга катышканын ырастоодо.

Алгачкы суракта Матанов өзүнө тагылган айыпты мойнуна
алган эмес эле. 23 жаштагы Хайрулложан Матанов Жалал-Абаддын Сузак районунан болот. Ага "илинчектерди атайылап жок кылган жана суракта жалган көрсөтмө берген" деген расмий айып өткөн жылы 30-майда тагылган.

2013-жылдын 15-апрелинде Бостондо марафон маалындагы жардырууда үч адам каза болуп, 250 киши жараат алган.

Жардырууну ишке ашырган деп күнөөлөнгөн бир тууган Царнаевдердин кичүүсү, 21 жаштагы Жохардын үстүнөн сот Бостондо
өткөн апталарда башталды. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Агасы Тамерлан болсо жардыруудан кийин полиция менен атышуудан каза тапкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG