Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

“Ислам мамлекети” орусиялык эки тыңчы делгендерди өлтүргөн тасма жарыялады


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкери аскердик параддан өтүп жатканын көрсөтүүдө, 30.01.2014
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкери аскердик параддан өтүп жатканын көрсөтүүдө, 30.01.2014

“Ислам мамлекети” террорчул тобу Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылды делген эки адамды өлтүргөн тасманы интернетке жарыялады. Жети мүнөттүк тасмада колго түшкөн эки эркек Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын тапшырмасы менен террордук топтун курамына киргенин айтып берет. Алардын бири өзүн казакстандыкмын десе, экинчиси тек жайын айтпаганы менен Сирияга келгенге чейин ФСБда иштегенин айтып берген. Экөө тең өз таржымалын орусча баяндаган. Андан соң 12-13 жаштагы өспүрүм аларды тескери каратып туруп, атып салганы көрсөтүлөт.

Азырынча бул боюнча Орусиянын коопсуздук кызматтары комментарий бере элек. Буга чейин Сириядагы согуштук аракеттерге 700дөн 1500гө чейин орус жарандары катышып жүргөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG