14-январда Кыргызстандагы дин ишениминин эркиндиги тууралуу мыйзам долбоору эксперттер тарабынан талкууга алынат. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” билдиргени боюнча анда “Дин ишеними эркиндиги жана радикализм” жана “Дин ишениминин эркиндигине мамлекеттик саясаттын дал келүүсү” деген темаларда талкуу болот. Ошондой эле Кыргызстанда күч алып бара жаткан диний агымдар, алардын коомчулукка оң-терс таасири тууралуу кеп болот. Мындай иш-чараны өткөрүүгө өлкөдөгү азыркы диний кырдаал, радикалдашуунун күч алышы себеп болууда деп белгилешет уюштуруучулар.
Айрым маалыматтар боюнча акыркы убактарда Кыргызстанда диний радикалдашуу күч алган. Натыйжада ар кандай азгырыктар аркылуу тыюу салынган диний агымдарга киргендердин саны арбып, Сириядагы согушка тартылгандар көбөйүүдө.(ZKo)