Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Ош милициясы тополоңдордун алдын алуу боюнча машыгып жатат


Ош милициясынын өздүк курамы толук бойдон массалык башаламандыктарга каршы машыгуудан өтүп жатат. Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков бул машыгуулар милициянын катарына жаңы кошулган кызматкерлердин даярдыгын жана тажрыйбасын көтөрүүнү көздөйт деп билдирди.

Мындан бир күн мурда Ош милициясынын жетекчиси коомдук тартипти бузууга кызыкдар күчтөр бар экенин, алар мыйзамдан тыш аракеттерге барса катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен болчу. Машыгуу үч күнгө созулат жана бул сыяктуу машыгуулар мындан кийин эки айда бир өткөрүлүп турат.(YI)

XS
SM
MD
LG